​Өзгөчө абал: Суроо-жооптор

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб жарандардын бир катар суроолоруна жооп берди.

-Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби?

-Сөөк коюуга бара жаткан бир нече кишиге чектелүү мөөнөткө гана өткөрмө кагаз тоскоолдуксуз берилет.

Же болбосо маршруттук баракча түзүлүп, анда келген жеринин дареги жана маркумдун каза тапкандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлөт.

Бир шаардан экинчи шаарга кантип өтсө болот?

— Санитардык-карантиндик посттордон айланып өткөн жол аркылуу бара алышат. Ошол эле учурда Бишкек шаарына башка шаардан кирүүгө чектөө коюлган.

-Жарандар карантин эмес аймактардан карантин аймактарга жумушка бара албай жатышат. Кантип барууга болот?

— Мекеме кызматкерлери өздөрү иштеген уюм же ишкана бөлүп берген кызматтык транспорт менен гана жүрүүгө тийиш. Биз Бишкек комендатурасынын буйругуна ылайык, жашоо-тиричиликти тейлөө кызматынла иштеген кызматкерлерди ташуу боюнча жаңы алгоритм иштеп чыктык.

(Редакциядан кошумча: Эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек. Анда ким жана кандай максатта уруксат алууну каалагандыгы көрсөтүлөт. Уруксат алган соң, төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:

— иштеген жеринен алынган маалымдама;

— жол баракчасы. Анда кызматкерлердин тизмеси жана толук маалыматы көрсөтүлөт;

— QR-код.

Уруксат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот деп деген маалымат берилген)

Эгер катталган жери Бишкектен сырткары болсо, шаар боюнча кантип жүрүү керек?

-Жашаган жери боюнча катталууну сунуш кылабыз. Өзгөчө абал эрежелерин сактаңыз, себеби жок сыртка чыксаңыз санитардык-карантиндик посттордон өтө албайсыз.

-Үйдөн 1,5 км радиустун чегинде сыртка чыгууга болобу?

— Эгер өтө зарыл болсо жана бул радиуста дарыканалар же дүкөн жок болсо,маршруттук баракча боюнча үйдөн 1,5 километрден ашыгыраак чыкса болот.

Маршруттук баракчага бул пункттар көрсөтүлүшү керек.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты