Дүйнөдө коронавирус жугузгандар АКШда көп

  • 4 года мурун

Дүйнөдө 6-апрелде (саат 14:25, жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 1 276 302 учур катталды.

Каза тапкандардын саны дүйнөдө 69 527 ге жетти. Айыккандардын саны 264 0 48 болду.

Коронавирус инфекциясын жугузгандар дагы эле АКШда көп. 6-апрелде АКШда бул дартка чалдыккандардын саны 337 646 болду.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.

Каза тапкандардын саны Италияда көп, ал жакта 15 887киши болду. Андан кийин Испания – 12 641, Франция- 8 078.

Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-77 300 учур, андан кийин Испания -38 080, Германия- 28 700.

Ооругандардын санынын көбү боюнча АКШ алдыга чыкты – 337 646, Испания -131 646, Италия -128 948, Германия 100 123, Кытай- 82 641.

Ошондой эле Россияда – 5339, Казакстанда –884, Өзбекстанда – 390, Кыргызстанда 216 учур аныкталды.

Коронавирус дүйнөнүн 183 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты