Сузакта каза болгон врачтын оорусунун тарыхы жарыяланды

  • 4 года мурун

Сузак районундагы врачтын каза болушу боюнча бүгүн эле бир канча версиялар айтылып кетти. Адегенде коронавирустан каза болуптур деп социалдык тармактарды жазып чыккан маалыматтарды жокко чыгарышып, пневмония болгон деген версияны айрым ММКлар жазып чыкты. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинованын сөзүнө таянып жазышкан.

Бирок бизге Covid-19га каршы Республикалык штабдан бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришкен эле. Андан кийин Елена Баялинова менен байланышканыбызда ал «алдын ала маалыматтарга караганда, жүрөк-тамыр ооруларынан каза болуптур, коронавирус анда болгон эмес, расмий жыйынтыкты дагы күтө туралы» деп билдирген.

Ушул күнү кечинде Республикалык штаб дарыгердин оорусунун тарыхын жарыялады. Ага ылайык, 1956-жылы туулган Сузак үйбүлөлүк медицинанын психиатр врачы А.Б. Сузак аймактык ооруканага пневмония оорусу менен, дем алуусу оор болуп 31-мартта келип түшкөн. Ал дароо эле реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Керектүү медициналык жардамдын баары көрсөтүлгөн. Бирок, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Кийин ал декабрь айынан бери ооруп, бирок өзүн өзү дарылап жүрө бергени белгилүү болгон.

«Врач обсерватордук жумушка тартылган эмес жана карантинде отургандар менен дагы контакт болгон эмес. ПЦР анализ жасалып, анын жыйынтыгы коронавирус болбогонун көрсөттү. Дарыгерлерге кеч кайрылганы өлүмгө себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты