Өзгөчө абал шартын бузгандарды кандай жаза күтөт? (Өзгөртүүлөрдөн кийин)

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга 3-апрелде кол койгон.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү жоопкерчилик түрлөрү киргизилет:

— өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал, согуштук абал режимдерин киргизүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн;

— өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режиминин талаптарын бузгандыгы үчүн;

— чектөө иш-чараларынын (карантиндин) эрежелеринин (талаптарын) бузгандыгы үчүн;

— дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;

— коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо үчүн;

— өзгөчө абал шарттарында укук тартибин бузууга багытталган аракеттер үчүн;

— өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде бааларды негизсиз жогорулатуу үчүн.

Өкмөттүн аппараты буга чейин бир катар мыйзам бузууларга түшүндүрмө берген. Аталган мыйзам буузуларга өзгөртүү киргизилди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 киши катталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 147 болду. Эки киши каза тапты.

Сүрөт: республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты