​Кыргызстанда коронавирустан экинчи киши каза тапты

  • 4 года мурун

4-апрелде Кыргызстанда коронавирустан Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 80 жаштагы жаран каза тапты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бейтап чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген, стационардык обсервацияда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча дарыланып жаткан.

Бейтап ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистеринен кеңеш алган, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн. Бирок, бейтаптын ЭКГсы миокарддын курч инфарктын көрсөтүп, абалы чукул өзгөргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болуп калды.

2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты.

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 киши катталды. Ал үч учур Бишкек шаарынан чыкиы. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 147 болду.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационардан чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты