Орус драма театры онлайн-саундрама койду (Видео)
- 4 года мурун
- Видео
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры 5-апрелде “Демон” аттуу онлайн-саундрамасын койду. Театр онлайн драманы 4-апрелде да койгон.
Бул Михаил Лермонтовдун “Демон” аттуу чыгармаы боюнча режиссер Владимир Панков койгон оюн. Саундрама Кыргызстандын эл аралык фестивалдарга алып чыгуучу визиттик карточкасы болуп саналарын театр белгилейт.
Онлайн-саундраманы театр КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн арасында боло турган виртуалдык форматтагы фестивалга алып чыгары айтылды.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!