​Бешөө — оор абалда, экөө — жасалма дем алдыруу аппаратында

  • 4 года мурун

Коронавируска чалдыккандардын бешөө оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен 2 киши жасалма дем алдыруучу аппаратта, ал эми 3 адам кислород менен дем алууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 147 катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 20 учур;

Ош облусунда – 47;

Баткен облусунда – 3;

Жалал-Абад облусунда – 67;

Чуй обсусунда – 4;

Ысык-Көл обслусунда – 2;

Нарын обслусунда – 4 учур

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 киши катталды. Ал үч учур Бишкек шаарынан чыкиы. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 147 болду.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационардан чыгарылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты