​Алтынай Өмүрбекова: “Мүчүлүштүк кетти, бирок вируска каршы иш-аракетибиз туура болду” — Би-Би-Си

Мурдагы вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1-апрелде кызматтан алынды. Президент Коопсуздук кеңешинде коронавирусту аныктоочу лабораториялар даяр эмес болуп чыкты, анализдер кечиктирилип жатат деп экөөнү сындаган.

Би-Би-Си Алтынай Өмүрбекова менен маек куруп, адегенде лабораториялар тууралуу сурады.

А. Өмүрбекова: Азыр Кыргызстанда тогуз лаборатория иштеп жатат. Анда ПЦР (полимеразная цепная реакция) анализ жасаган 13 жабдык бар. Ооздон, мурундан алынган мазокту 5-6 саатта аныктайт. Мен лабораторияга кирип көргөн жокмун, бирок нан бышырган меш сыяктуу жабдыкка салынгандан кийин реакция жүрүп, адамда коронавирус бар — жогу аныкталат.

Мындай бир жабдык күнүнө 60тан 90го чейин анализдин жыйынтыгын чыгара алат.

ПЦР бул акыркы, тастыкталган жыйынтык десе болот.

Ага чейин экспресс-тест тапшырылат. Анда коронавируска антитела бар же жок экени аныкталат. Мында манжанын учунан кан алынып, кан аркылуу изилдөө жүрөт. Бул тесттин жыйынтыгы 15-20 мүнөттө чыгат. Эгер бар деп көрсөтсө, сөзсүз ПЦР анализ жасалыш керек. Аны бир эмес, керек болсо эки-үч жолу жасаш керек. Анткени адистер ар жолу ар башкача көрсөтүшү мүмкүн деп жатышат.

Кыргызстанда азыр анализдин ушундай эки түрү жасалып жатат.

Би-Би-Си: Ошондо ПЦР анализ аркылуу күнүнө канча кишинин анализи жасалып жатат?

А. Өмүрбекова: — Лаборанттар такыр башка нерсеге алаксыбай күнү-түнү анализди карап, жыйынтыгын чечмелеп отурса жана реагенттер үзгүлтүксүз келип турса күнүнө 60-90 жыйынтык чыгарат деп маалымат беришкен. Ошондо күнүнө орточо 1000 кишиникин чыгарат десе болот.

Би-Би-Си:ПЦР анализ жасаган лабораториялар өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга чейин эле иштеп келген, туурабы?

А. Өмүрбекова: Ооба. Адистер коронавирустун кыркка жакын түрү бар деп жатышат. Биздегилер вирусологиялык лабораториялар, алар башка дагы ар кандай вирустарды аныктап иштейт. Алар эл аралык стандарттан өткөн. Ошол жерде иштеген вирусологдор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өтүп, керек болсо башка өлкөлөрдө лекция окуп жүрүшчү экен.

РЕАГЕНТТЕР ТАРТЫШ БОЛУП ЖАТТЫ

Би-Би-Си:Саламаттык сактоо министрлиги башынан бери ушинтип айтып келди. Бирок Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында президенттин сөздөрүнөн кийин чыныгы абал түшүнүксүз болуп калды. Лабораториялар менен реагенттердин жетиштүүлүгү боюнча чыныгы жагдай кандай?

А. Өмүрбекова: — Менин түшүнгөнүмө караганда, Covid-19 вирусуна ылайык реагенттер дүйнөдө тартыш экен. Биздин ПЦР анализ жасаган жабдыктар европалык стандарттар менен чыгарылыптыр. Аталган жабдыктардын техникалык өзгөчөлүктөрүнө бардык эле реагенттер туура келбейт экен. Реагентти аралашма деп койсок болот.

Биздин жабдыктарга жарай турган реагенттерди жасаган Орусия менен Беларус азыр сыртка чыгарууга тыюу салып жатат. Жетекчилер реагенттерди жеке сүйлөшүүлөр менен алып жаттык. Орусия берди. Орусия, Беларус менен сүйлөшүүлөр жүргөн, алардан реагент келмек.

Би-Би-Си: Реагенттин канча запасы бар жана канча келмек?

А .Өмүрбекова: -Канча бар экенин айта албайм. Ал эми экспресс-тесттерден кечээ жакында Кытайдан 21 миң даана келген. Дагы 30 миң даана бүгүн-эртең келет. Андан тышкары дагы 100 миң даанага Саламаттык сактоо министрлиги буюртма берген.

Ошондой эле биздин өнөктөштөр эмне жардам керек дегенде тест менен жардам бергиле дегенбиз. Аны элчилик аркылуу ишенимдүү мамлекеттик компаниялардын алыш керек. Алар 10 миңден, 20 миңден жардам беребиз дешкен. Жергиликтүү бизнесмендер жардам колун сунуп жатканда да ушундай тесттер зарыл экенин айтканбыз. Ошондуктан жакынкы күндөрү бул боюнча муктаждык канааттандырылат.

Ал эми реагенттерди Беларустан күтүп жатканбыз. Анын бир топтомун 250 изилдөөгө колдонсо болот экен. Мисалы, 100 даана алсаң ар бири 250 анализге жетет экен. Азырынча 170 чамалуу реагентке буюртма берилип жаткан. Буюрса баары жетиштүү болот, кичине таңкыс болуп калды.

Би-Би-Си: — Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында ушул таңкыстык тууралуу айтып жатабы же анализдерди башка себептен улам кечиктирүү жөнүндөбү?

А .Өмүрбекова: — Жыйынтыктардын созулуп кеткени ушул таңкыстыкка, реагенттин жоктугуна байланыштуу болуп жатат.


АРБИР АДИС АЛТЫНГА ТЕТЕ БОЛУУДА

Би-Би-Си: — ПЦР анализ жасаган жабдык менен лаборанттарга талап барбы?

А. Өмүрбекова: Негизги маселе лаборанттардын, вирусологдор менен эпидемиологдордун аздыгы деп ойлойм. Чынын айтыш керек, биз көп жылдан бери коомдук саламаттык сактоого жакшы көңүл бурбаптырбыз. Бул адистердин потенциалын кеңейтип, аларды даярдоо жүрбөптүр. Азыр ар бири алтынга тете болуп жатат.

Жабдыктардын саны — 13, бул азыркыга жакшы эле. Реагенттер толук кандуу келип турса күнүнө миңден ашык тест жасаганга үлгүрөбүз.

Би-Би-Си: Коронавирус тастыкталган бейтаптар жаткан ооруканаларга анализдердин жыйынтыгы кеч жетип жатканын билдик. Анализ алынып, кайра артка жеткенге чейин кандайдыр бир бюрократиялык тоскоолдуктар болгон жокпу?

А. Өмүрбекова: — Менин оюмча реагенттин жоктугуна байланыштуу. Бүгүн-эртең деп күтүп жатканбыз, ошолордун баары келсе мүчүлүштүктөр болбойт.

Үйүнө барганда ал киши жок болуп калса, милицияга берет. Үй карантинин бузуп башка жерде жүрсө, милиция жоопкерчиликке тартыш керек.

Би-Би-Си: -Акыркы күндөрдө чаралар ушундай күчөтүлдү окшойт. Адегенде вирус аныкталган умрадан келгендердин байланыштары толук аныкталып бүттүбү?

А. Өмүрбекова: Ооба, алардын баарынын байланыштары аныкталды. Эмне үчүн ошолор обсервацияга жаткырылган эмес? Ал учурда Сауд Арабиясы боюнча 19 гана адам коронавируска чалдыккан. Ошондуктан биздин ошол учурдагы алгоритмибизге кирген эмес. Ага карабай, мазок алып, үй карантинине жөнөткөнбүз. Алып койгон анализдер жанагы жыйынтыкты берди.

Албетте, мүчүлүштүктөр да кетти. Кээ бир жерде тажрыйбабыз жок болуп калды, балким керектүү билимибиз болбоду.

Азыр баары туура жолго коюлду деп ойлойм. Коом дагы, адистер дагы чымырканып койсок, вирустун жайылышын чектеп калуу мүмкүн.

Сузакта барган сайын азыраак чыгып жатат. Демек ал жерде карантин чаралары жакшы көрүлүүдө. Тобокел тобундагылардын баары катталып, байланышта болгондор аныкталып, аракеттер жүрдү. Вирус чыккан башка региондордо да ушундай. Эми ушул тартипти катуу сактап койсок баары жакшы болот.

ВИРУСТУН ЧЫНЖЫРЫН ҮЗ, ҮЙДӨН ЧЫКПА

Би-Би-Си: Вирустун жайылышын чектөө аракети канчага чейин созулат деп божомолдойсуз?

А.Өмүрбекова: -Өзгөчө абал 15-апрелге чейин киргизилген. Ага чейин дагы көп жуктуруп алган учур катталып кетпесе ары жагы белгилүү болот.

Үйдө болуу эмне үчүн маанилүү? Анткени азыр иштеп жаткан адамдарга да жеңил болот. Кимдир бирөө ооруп калса башка жерге ташыбай, ошол жерден дарыгерге белгилүү болот. Каалаган жагына кетип калса, анда оор болот. Башка мамлекеттен келгендер гана эмес, биз өзүбүз үйдө отуруп туралы! Ошондо ким буга чейин ооруган болсо, жакынкы күндөрү баары чыгат.

Жуккан топтор менен иштеп, вирустун тарашын токтотуп калса болот. Эң негизгиси вирусту жуктуруу чынжырын үзүш керек.

СИСТЕМА ВИРУС МЕНЕН КҮРӨШӨ АЛАТ

Би-Би-Си: Сиздин жана саламаттык сактоо министринин кызматтан алынышы, жолго коюла баштаган жумушту үзгүлтүккө учуратпайбы?

А.Өмүрбекова: Ага мен комментарий бербей эле коёюн. Чечим кабыл алган кишилер жакшыраак билет.

Негизгиси — жарандарда эч күмөн болбосун, Кыргызстанда жаманбы- жакшыбы система бар жана ал иштейт. Айрым мамлекеттерге караганда биздин система туруктуу.

Дарыгерлер аз акча алганына карабай иштеп жатат, деңгээлдери жакшы. Медицина кызматкерлери карантиндик оорулар боюнча окутуулардан өтүптүр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары менен клиникалык протоколдорду жазып жатышат. Ал элди кантип дарылоо тууралуу көрсөтмөлөр. Протокол улам өзгөртүлүүдө. Бул кишилерге биз 24 саат таазим этишибиз керек.

Азыркы абал бизге чоң сыноо болду. Адамдын ден соолугуна байланыштуу эч бир нерсени аянбашыбыз керек экенин көрдүк.

«МЕН ЖУМУШТУ УЛАНТАМ»

Би-Би-Си: Сиз үйдө отурган менен бул багытта иш алып барасызбы?

А. Өмүрбекова: Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен тыгыз иштешип, жардам көрсөтүүгө аракет кылам. Алыстан болсо да же жарандык штабга барып, оор шартта калган үй-бүлөлөргө көмөктөшөм. Муктаж адамдар үчүн 1227 деген номери иштеп жатат. Бир жагында муктаждардын, экинчи жакта жардам берем дегендердин тизмеси бар. Ошол экөөнү жолуктуруш керек.

Албетте, жөн отурбай кабар алып, керек болсо акылымды кошуп турам. Мен өзүмдү дагы деле кырдаалга, системага байланыштуу адам катары сезип жатам. Жоопкерчилик дагы деле бар.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты