5Gнын ден-соолукка терс таасири жок, ал Кыргызстанга келе да элек (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде “5G жаңы технологиясынын айынан адамдар ооруп жатат, коронавирус жок, ал жөнөкөй эле жомок” деген маалымат тарап жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Аудиодогу маалыматта, “5G деген жаңы технологияны таратып жатабыз демиш болуп, бүт жерге анын антенналарын орнотуп жатышат. Ал антенналар ушундай жогорку жыштыктагы электро магниттик толкундарды — радиацияны бөлүп чыгарат экен. Микротолкундуу меш бөлүп чыгарган 2,5 мегагерц болсо, бул антенналар 40 мегагерц экен. Бул жакта чымчыктар өлүп, көчөдө жатат. Коронавирус деген жөн эле жомок экен, вирус эмес эле булар деген Уханьда биринчи сыноо кылып көрүшүптүр” деген маалыматтар айтылган.

5G деген эмне?

5G бул мобилдик байланыштын жаңы мууну. G-generation муун деп которулат. 1G тармагы 1980-жылы пайда болгон, бул зымсыз телефон технологиясынын биринчи мууну болчу. 1991-жылы 2G стандартындагы тармак пайда болгон. Санариптик сигналды шифрлөө мүмкүн болуп, үндү гана эмес, текстти жана сүрөттөрдү дагы жеткирүү мүмкүн болуп калган (SMS жана MMS). Кийинки 2.5G (GPRS) жана 2.75G (EDGE) интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, ал эми 2000-жылы 3Gде ал пакеттик болуп жана интернеттин ылдамдыгы жогорулаган. 2010-жылы 4G пайда болуп, интернеттин ылдамдыгы жана күчү жогорулап, анын жардамы менен телефондо оюндарды ойноого, узун онлайн видеолорду көрүп, видеобайланышты колдонуу мүмкүн болуп калды. Эми кезекте 5G же бешинчи муун тармагы — бул зымсыз уюлдук телефондордун жаңы технологиясы. 5G өндүрүмдүүлүктү жана электрондук саламаттыкты бекемдөө (телемедицина, алыскы мониторинг, телехирургия) сыяктуу жаңы колдонмолорду кеңейтет деп күтүлүүдө. Эгерде 4Gнын ылдамдыгы секундасына 45 мегабит болсо, 5Gнын ылдамдыгы андан 10-20 эсе жогору болот. Башкача айтканда, жакшы сапаттагы кинону көчүрүп алууга бир нече эле мүнөт керек болот. Демек, 5Gнын келиши менен интернеттин ылдамдыгы жогорулайт.

5Gнын коронавирус менен байланышы барбы?

  1. Билдирүүдө айтылган Уханда 5G сыноолору болгону чын. Бирок, Уханьды биринчи шаар деп айтуу кыйын. Жергиликтүү бийлик органдары бир нече шаарды атап өткөн. Кытайдын China Unicom компаниясынын 5G тест пландары 16 шаарды камтыйт деп айтылган. Алар Пекин, Тяньцзинь, Циндао, Ханчжоу, Нанкин, Ухань, Гуйян, Чэнду, Шэньчжэнь, Фучжоу, Чжэнчжоу и Шэньян. Демек, биринчи сыноолор бир эле Ухань шарында болгон эмес.
  2. Учурда 180 өлкөдө коронавирус тараган. Демек, коронавирус 5G сыноолору болбогон өлкөлөрдө дагы тарап жатат.
  3. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунунмаалыматыбоюнча, коронавирус адамдар же жаныбарларга карата далилденген патогендик касиеттери бар вирустардын кеңири тобу. Бир катар коронавирустар адамда дем алуу органдарынын инфекциясын жалпы суук тийүүдөн баштап, Жакынкы Чыгыштагы дем алуу синдрому (MERS) жана катуу курч респиратордук синдром (SARS) сыяктуу ооруларга алып келиши мүмкүн экендиги белгилүү. Жакында ачылган коронавирустардын акыркысы COVID — 19.

COVID — 19 — жакында ачылган коронавирустардын эң акыркы жугуштуу оорусу. Ухань шаарында, Кытайда, 2019-жылдын декабрь айында пайда болгонго чейин, жаңы вирус жана оору жөнүндө эч ким эч нерсе билген эмес. Аталган вирус адамдан адамга жугат, жана анын пайда болушуна радио жыштыктардын таасири эч бир изилдөөдө айтылган эмес.

Демек, 5Gнын коронавирус менен байланышы жок.

5G адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизеби?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “5G мобилдик тармактары жана ден соолук” аталышындагы макаласында 5G тармагынын адамдардын ден-соолугуна жана айлана чөйрөгө таасири тууралуу жазылган. Андагы маалыматтарга ылайык, 5G’нын адамдын ден-соолугуна зыян жок.

Макаладагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин зымсыз байланыш технологияларынын адамдын ден-соолугуна кандайдыр бир таасири аныкталган эмес. Ден-соолукка байланыштуу тыянактар радио спектринде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган, бирок ушул кезге чейин 5G колдонгон жыштыктарда бир нече гана изилдөө жүргүзүлгөн. Жыштык көбөйгөн сайын, дене ткандарына кирүү аз болот, дененин бети (тери жана көз) аркылуу энергияны сиңирип алуу чектелет. Жалпы таасир этүү деңгээли эл аралык стандарттардан төмөн бойдон калса, калктын ден-соолугуна тийгизген кесепеттери күтүлбөйт.

Жыйынтык, 5G жаңы технологиясынын коронавирус менен байланышы жок, ден-соолукка терс таасир тийгизбейт.

Аудиодо айтылган маалыматтарга эмне үчүн ишенүүгө болбойт?

  1. Билдирүүнүн булагы белгисиз. Аудиону ким, качан жаздырганы белгисиз.
  2. Билдирүүдө бул жакта деп бир нече жолу айтылды. Бирок, ал кайсыл жак экенин айтылган эмес. Кайсыл өлкө, шаар экенин белгисиз.

Ошондой эле, аудио билдирүүдө элдин баарын карантинге камап коюп, Кыргызстанда 5G антенналары орнотулуп атса керек деген оюн айтат.

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Тимур Алхожоев Кыргызстан 5G станциялары орнотулбаганын жана бул аудио фейк маалымат экенин билдирди:

“Учурда мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу 5G жабдыктары тууралуу таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк коронавирустук пандемияга байланыштуу адамдардын коркуу сезимин колдонуп, жасалма маалымат таратуучулар заманбап 5G технологиясынын болжолдуу коркунучу жөнүндө «үрөй учурган окуялар» менен толкунданууну күчөтүп, калк арасында радиофобияны күчөтүүдө. Радиофобия — радиациянын учурдагы же болжолдуу булактарынан: антенналардан, микротолкундуу мештерден, смартфондордон, уюлдук базалык станциялардан жана башкалардан коркуу. Радио нурларынан коркуу — дүйнө жүзү боюнча кеңири таралган фобия. Урматтуу мекендештер, санарип гигиенасын сактаңыз жана маалымат булактарын текшериңиз. Расмий жана тастыкталган булактардан жаңылыктарды жана билдирүүлөрдү бөлүшүңүз. Эсиңиздерге сала кетсек, жалган маалыматтарды (жасалма) жайылтуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтык — бул маалымат калп.

Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:

Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты ж.б.

Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.

Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз! Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.

Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Коронавирус тууралуу фейктерден кантип сактанабыз? Кыргызстандагы башкы фактчекерден кеңештерди окуп коюңуз.

Политклиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты