Карантин учурунда кантип сактанабыз? Психологдун кеңеши

Баяндар

Коронавирустун жайылышы, жумуштун токтоп калышы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары бир үйдө камалып отуруп калуусу, белгисиздик. Мунун баары адамга психологиялык жактан кыйынчылыктарды алып келет. Мына ушул шартта адам өзүн психологиялык жактан кантип коргошу керек? Белгилүү психолог Саадат Сыдыковадан кеңеш.

Башкаларга караганда үй-бүлө мүчөлөрү менен тил табышуу кыйын

- Эгерде адам психологиялык жактан туруксуз болсо, анда жан дүйнөсүнө бүлүк түшөт. Мисалы: карантин убагында элдин баарын үйдө отургула дешти. Үй-бүлө жер тамда жашаса, алар бакчага чыгып, таза аба жутуп, эс алышат.

Көп кабатттуу үйдө жашагандар эмне кылышат? Ал категорияны үй-бүлө мүчөлөрүнө,жаш курагына жараша бөлсөк болот. Жалгыз жашаган адамдар жөнүндө такыр башка сөз кылышыбыз керек.

Мен азыр ата-энеси, балдары жана чоң ата, чоң энеси бар чоң үй-бүлө жөнүндө айткым келип жатат.

Биз табиятыбыздан башка адамдар менен бат тил табышып, аларга бат ачылып сүйлөшүп кеткенибиз менен, жакын адамдарыбыз менен тил табыша албайбыз. Анткени акыркы мезгилде коом замандын талабына жараша оорлошуп бара жатат. Эң жакын адамдарыбыз биздин жан дүйнөбүздү бат оорутат. Себеби алар биздин алсыз жерибизди жакшы билишет.

Бир бөлмөлүү батирде ар түрдүү курактагы жана ар башка баамдагы адамдар чогулду да алар бири-бирин түшүнө албай калат. Качан түшүнүшө албай калат?

Бири-бири менен сүйлөшө албай калганда түшүнбөстүк келип чыгат. Сүйлөшкөндө бир нерсени чече албагандыктан да ички стресс келип чыгат. Ички стресс бул эң жаман абалга алып келет. Сени жакын адамдарың түшүнбөсө дагы стресске кабылышың мүмкүн.

Бул учурда адамга бирөө менен сүйлөшүү муктаждыгы келип чыгат. Ал эми азыркы учурда эч ким менен кезигип сүйлөшө албайсың.

Ички туюмдагы белгисиздик

- Карантин качан бүтөт, туннелдин аркы жээги көрүнөбү, качан жумушка чыгабыз, качан көчөгө чыгып басабыз, эч ким билбейт. Бул адамдын ички туюмундагы белгисиздик психологияга катуу таасир этет. Соц тармактардагы август-сентябрга чейин уланат деген калп кабарларды окуп алып андан бетер кабатырлануу күчөйт.

Стресске канткенде кабылбайбыз?

Стресске кабылбаш үчүн ар кандай ушак же негативдүү маалыматтарды азыраак окушубуз керек. Соц. тармактарда көпкө отурууга да болбойт. Соцтармакка же блогерлердин баарына эле ишене бербеш керек.

Ар бир кишинин өз мейкиндиги болушу керек

- Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн өзүнүн мейкиндиги болушу керек. Бир бөлмөлүү үй болсо дагы. Мисалы: балаңыздын өз мейкиндиги жок болсо, анда ага столдун алдына чатыр тигип койсоңуз, ал өз мейкиндигинде эркин жашай берет. Мисалы, кимдир бирөө китеп окуп жатса ага тоскоолдук кылып музыка укпай, түшүнүү менен мамиле кылган туура. Себеби, ар бир адам өз мейкиндигине жараша жашаш керек.

Иш менен алек болуңуз

- Жан дүйнөңүзгө жаккан иш менен алек болуңуз. Мисалы, спорт менен машыкканга да көп убакыт жаралды. Же сулуулук салонуна барбастан эле интернеттен ар кандай видео сабактар аркылуу сулуулугуңузга кам көрсөңүз болот.

Көптөн бери сергек азыктанууга өтөм деп жүргөн болсоңуз, азыр өтүүгө эң ыңгайлуу учур. Өзүңүзгө жаккан китептерди окуңуз. Медитация жасаңыз. Жакшы эмоцияларды тартуулаган кинолорду көрүңүз.

Бош убакыт биз үчүн мындан ары өнүккөнгө, мындан ары кадам таштоого, план түзүүгө жакшы жардам берет.

Карантин маалындагы ата-эне менен баланын мамилесин кантип сактап калабыз?

- Ысык-Көл областынан 5 өспүрүм карантин маалында өз өмүрүнө кол салды. Бул учур өспүрүмдөрдүн ата-энеси менен баланын мамилесинин бузулгандыгынан келип чыгат.

Кыйын кырдаалда көбүнчө өспүрүм балдар жана депрессияга кабылган адамдар жабыр тартып жатышат. Өспүрүмдөр учурда психологиялык оор абалда турушат, андыктан депрессияга кабылышы мүмкүн. Алар азыркы мезгилде колдоого муктаж. Мен ата-энеме керекминби же жокпу деп ойлонуп жүргөн кези болот.

Ошол себептен алар ата-энесине орой мамиле жасай башташат. Эгерде бул учурда ата-эне балага муздак мамиле жасап, кыйкырып же кол көтөрсө, анда бала “Мен чын эле ата-энеме керегим жок турбайбы” деген жыйынтыкка келет.

Өспүрүмдөр фрустрацияга дагы кабылышы мүмкүн. Бул – психологиялык абал, күтүлбөгөн белгисиздикке кабылуу, каалоолорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок абал. Психоаналитикалык жактан бул бунт, өспүрүмдөр “мен өзүмдү өлтүрөм, себеби силерди ушинтип гана коркута алам” деп ойлошот.

Эл жумушсуз калды, тамак-аш да азайып бара жатат, кредитин төлөгөнгө каражат жок, бул стресстеги адамдар балдарынын түшүнбөгөнүн көрүп агрессияга алдырып жаткан учурлар бар.

Ошондуктан, бул учурда ата-энелер өспүрүм балдарына колдоо көрсөтүп, кыйкырбай, урушпай кол көтөрбөй, тескерисинче, түшүндүрүп иш алып барышы керек. Айрым маселелерди бала менен кеңешип турса дагы ал өзүн ошол үй-бүлөдө маанилүү киши катары сезе баштайт.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Даярдаган Айгүл Молдоканова

ЖаңылыктарКыргызстанкоронавируспандемияпсихологСаадат Сыдыкова