​Абылгазиев Ош облусуна барды

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өздүк коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учак менен Ош облусуна барды.

Өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, мында санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырып, жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Арасында медицина кыызматкерлери да бар, бардыгы 144 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты