Жээнбеков Си Цзинпинге кайрылуу жолдоду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинге коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

«2020-жылдын 4-апрелинде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатынын өткөрүлүшүнө байланыштуу сизге жана жалпы Кытай элине чын дилимден көңүл айтууга жана ооругандардын тезинен айыгып чыгышына каалоо айтууга уруксат этиңиз” деп айтылат билдирүүдө.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге жана кытай элине учурдагы кыйын күндөрдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавирус инфекциясы Кытайдан башталып, пандемияга айланды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны миллиондон ашты. Кытайда 4-апрелге карата 82 518 киши коронавируска чалдыкты. Коронавирус эпидемиясы жайылган Кытайдын Хубей провинциясында 3207 киши каза тапты.

Сүрөт: prezident.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты