​»Позвольте, жители страны…» Пушкин карантинде бул ырды жазган эмес

“Акын Александр Пушкин холера оорусунун учурунда карантинде отуруп бизге жазган ыры экен” деген баш сөз менен социалдык тармактарда жана месенджерлерде «Позвольте, жители страны…» деген ыр тарап жатат.

***

Позвольте, жители страны,

В часы душевного мученья

Поздравить вас из заточенья

С великим праздником весны!

Всё утрясётся, всё пройдёт,

Уйдут печали и тревоги,

Вновь станут гладкими дороги

И сад, как прежде, зацветёт.

На помощь разум призовём,

Сметём болезнь силой знаний

И дни тяжёлых испытаний

Одной семьёй переживём.

Мы станем чище и мудрей,

Не сдавшись мраку и испугу,

Воспрянем духом и друг другу

Мы станем ближе и добрей.

И пусть за праздничным столом

Мы вновь порадуемся жизни,

Пусть в этот день пошлёт Всевышний

Кусочек счастья в каждый дом!

А.С. Пушкин 1827 г.” деп жазылат.

Ыр 22-мартта Фейсбуктун «Лейдендеги Пушкин атындагы орус тил мектебинде» баракчасында жарыяланган соң кеңири белгилүү болду.

«Болдино шаарындагы холера жөнүндө карантинде жүргөн биздин улуу Александр Сергеевич Пушкин бизге кайрылып жатат!», — деп жазылат постто.

Бирок, ырдын чыныгы автору социалдык тармактын колдонуучусу Казакстандык Урри Грим экенин жазып чыккан.

Маалыматта айтылган холера пандемиясы 1816-жылы башталган. Бир жылдан кийин бүтүндөй Азияга тараган. Ал Россияга да жетип, 1823-24 жылдын кышына чейин болгон. Ал эми пандемиянын экинчи толкуну 1829-жылы башталып, Россияга 1830-жылы жеткен. Ал эми, А.С.Пушкин Болдинодо карантинде 1830-жылы 7-сентябрдан 2-декабрга чейин болгон. Демек, билдирүүдө айтылгандай 1827-жылы карантин болгон эмес жана А.С.Пушкин ал жылы карантинге калган эмес.

Жыйынтык — бул маалымат калп.

Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:

  • Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты ж.б.
  • Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.
  • Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз! Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.
  • Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Коронавирус тууралуу фейктерден кантип сактанабыз? Кыргызстандагы башкы фактчекерден кеңештерди окуп коюңуз.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты