Дүйнөдө коронавирус жугузгандарын саны 1 миллиондон ашты

  • 4 года мурун

Дүйнөдө 3-апрелде (саат 11:50, жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 1 016 401 учур катталды.

Каза тапкандардын саны 53 156 га жетти. Айыккандардын саны 211 775 болду.

Коронавирус инфекциясын жугузгандар АКШда көп. 3-апрелде АКШда бул дартка чалдыккандардын саны 245 559 болду.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 53 156 га жетти.

Каза тапкандардын саны Италияда көп, ал жакта 13 915 киши болду. Андан кийин Испания – 10 348, Франция- 53 87.

Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-76 724 учур, андан кийин Испания -26 743, Германия- 22 440.

Ооругандардын санынын көбү боюнча АКШ алдыга чыкты -245 559, Италия -115 242 , Испания 112065, Германия 84 794, Кытай- 82 464,

Франция – 59 929 , Иран- 50 468, Улуу Британияда – 34 173 учур ж.б. катталган.

Ошондой эле Россияда – 3548, Казакстанда –444, Өзбекстанда – 221,Кыргызстанда – 130 учур аныкталды.

Коронавирус дүйнөнүн 181 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты