​3-апрелде коронавирус жуктурган экинчи учур катталды. Дагы 5 киши коронавируска чалдыкты

3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды, жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды.

Тастыкталган – 130 учур болду. Анын ичинен бирөө каза болду.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Буга чейин ушул эле күнү, 3-апрелде, 9 учур катталганы тууралуу маалымдалган. Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты. Ал тууралуу шилтемеден окуй аласыз.

3-апрелде COVID-19 вирусу бар экени аныкталган 14 жаӊы учур төмөндөгү аймактарда катталган:

• Жалал-Абад облусунда – 5;

• Жалал-Абад шаарында – 2;

• Чүй облусунда – 1;

• Бишкек шаарында – 6.

Буга чейин беш киши коронавирустан айыгып чыкканын саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Коронавирус. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты