Кыргызстанда коронавирустун дагы 9 учуру катталды. Бир киши каза тапты

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 125 болду.

3-апрелге карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен — төртөө оор абалда, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтаптан COVID-19 инфекциясы тастыкталды.

Ошондой эле, ал бейтап башка дарт менен жабыркаган, ал дарттары да өрчүп кеткен.

Бул тууралуу коронавирусун алдын алуу жана жайылышын болтурбоо республикалык штабы билдирди.

Буга чейин беш киши коронавирустан айыгып чыкканын саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты