​Кадыр Маликов: “Вирус мусулмандарды кыйгап өтөт” деген жаңылыштык”

Белгилүү теолог Кадыр Маликов коронавирус менен мусулмандар жабыркабайт деген туура эмес түшүнүктү четке какты.

-Элдин баары коронавирустун таркашына кабатыр болууда. Андан дагы коронавирусту исламга шилтеме келтирип, одоно түшүндүрүп жаткандар бар.

Кээ бирөөлөр вирус мусулмандарды кыйгап өтөт, кудайга ишенгендер бул дартка чалдыкпайт, бул Аллахтын жазасы деп айтып жүрүшөт.

Ушундай чакта эң коркунучтуусу вирустун өзү да эмес, ага мамиле, болуп жаткан процессти түшүнүү деп ойлойм.

“Динге бекемделген имиш” деген билимсиздик, маданиятсыздык абдан коркунучтуу, ал адашууга, диний көз караштын стереотибине, караңгылыкка алып келет.

Мында логикага таянып, илимий көз караштан карагыла деп айтаар элем, ислам да ушуну талап кылат.

Бул дартка кудайга ишенбегендер да, мусулмандар да, азиялык да, европалык да — баары чалдыгып калышы ыктымал.

Пайгамбардын гигиена тууралуу, дарттын алдын-алуу жана дарылоо боюнча сүрөөсү бар.

Же мисалы, орто кылымдарда, Улуу Жибек жолу убагында, дарт да жылып келген, Орто Азияда кара тумоодон (чума) ондогон миң мусулмандар ооруп жана каза табышкан.

(Бекеринен дал мусулман врачы, окумуштуу, куран хафизи Али-Абн-Ибн Сина Самаркандда жана Бухарада биринчи болуп карантин киргизбегендир. Базарларды убактылуу жаап, мечиттерде жума намаз окууга тыюу салган, дезинфекция үчүн уксус колдонушкан, беткап сыяктуу кылып чалманын кездемесинен оозу-мурдун жаап алышкан).

Андан соң кара тумоо бизден кийин Европага өткөн.

Исламда дарт балким сыноо же балким жазалоо иретинде келээри, ал эч кимди кыйгап өтпөсү белгиленет. Бирок Аллахтан башка эч ким жакшылык менен жамандыктын чеги кайсы экенин билбейт.

Коронавирус коркунучунан улам бүгүн Сауд Арабиясы кичи ажылык (умра) үчүн бардыгына жабылды, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн да. Болбосо, алар да коронавирус менен мусулмандар оорубайт деп, андан дагы ыйык шаарларда оорубайт деп, жаппай койбойт беле? Алар бул чараны ислам шартына ылайыктап кабыл алышты.

Динге ишенгендер, биз дартка талаптагыдай мамиле кылууга, алдын алуу жана дарылоо чараларын көрүп, андан кийин Аллахга ишенбейлиби!

Азыр коронавирус көптөгөн мусулман өлкөлөрүнө да жайылды.

Жараткан баарыбызды оору- сыркоодон сактасын! -деп жазды Кадыр Маликов фейсбук баракчасына коронавирус тууралуу.

Кыргызстанда 2-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 116 га жетти.

(“ПолитКлиника” медиасы текстти орусчадан которду).

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты