Автоматташтырылган дезинфекциялоо туннели жасалды

  • 4 года мурун

Steelex компаниясынын цехинде автоунаа жана жөө жүргөндөр үчүн алгачкы эки автоматташтырылган дезинфекциялоо туннели жасалды.

Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Jodar Saidilkhan өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Анын айтмында, бул жабдык Бишкектеги Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча улуттук штабга акысыз тапшырылат.

“Ошондой эле адамдарды контаксыз түрдө тесттен (анализ Covid-19) өткөрүү үчүн кабиналарды да жасаганы турабыз. Бул күтүүсүз пандемиянын чакырыктарына дароо жооп бергендери үчүн жергиликтүү өндүрүшчү агам жана иним – Syrttan Saidilkanov менен Расул Сайдилкановго ыраазычылык билдирем” деп жазылган.

Кыргызстанда 2-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 116 га жетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты