​Ош облусунда жер силкинди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-апрелде саат 19:50дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ата-Мерек, Кызыл-Туу, Алчалы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрацилык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты