“Сорос-Кыргызстан” фондунан коронавируска карата дагы бир жардам

  • 4 года мурун

“Сорос-Кыргызстан” фонду КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мекемелерине 458 400 сом, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык стационардык мекемелерине жалпы суммасы 355 000 сомдон ашык коргоо каражаттары менен камсыздоого жардам берди. Бул тууралуу фонддун маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматта кабарлангандай, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 4000 медициналык колкап, 2880 бахила, 1000 литр антисептик жана 10 коргогуч комбинезон сатылып алынды.

ЖАМК мекемелерине 10000 медициналык колкап, 10000 бахила, 1000 литр антисептик жана 30 атайын коргогуч костюмдар сатылып алынды.

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасында 17 социалдык стационардык, 6 – улгайган жана майып адамдар үчүн, 6 – жашы улуулардын жана 5 – балдардын психоневрологиялык мекемелери иштейт.

Азыркы учурда бул социалдык мекемелерде толугу менен мамлекеттик камсыздоодо 2394 адам турат, анын ичинде улгайган адамдар жана ден соолугунан чектелген адамдар – 736, психоневрологиялык диагноз менен ДМЧАлар – 1658, алардын ичинен 423ү балдар.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына берилген каражаттар пенитенциардык системанын борбордук ооруканасынын (№47 мекеме), ЖАМКнын госпиталынын жана Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесинин керектөөлөрүнө жумшалат.

2020-жылдын 19-мартында “Сорос-Кыргызстан” фонду Кыргызстанда эпидемиянын терс кесепеттерин азайтуу жана коронавирус эпидемиясынын жайылуусуна каршы күрөшүүнү күчөтүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жарандык уюмдардын шашылыш чараларды кабыл алууларын колдоо үчүн 100 000 доллар өлчөмүндө Өзгөчө кырдаалдар фондун түзгөндүгүн эске салабыз.

Өзгөчө кырдаалдар фондун түзүүдөгү “Сорос-Кыргызстан” фондунун стратегиясы эки мамилеге негизделген:

1. Бир кыйла керектүү медициналык каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга тез арада реакция жасоо;

2. Коммуникациялык стратегияны колдоого, кризис шарттарында медперсоналдарды иштөөгө окутууга, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги топто иштеген өнөктөш уюмдарды колдоо.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты