​Тажикстан мектептеринде окуу 1-апрелде башталат

  • 4 года мурун

Тажикстан бийлиги бардык орто мектептер коронавирустун жайылышына каршы дезинфекцияланганын билдирүүдө. Өлкөнүн билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникул аяктаганын, 1-апрелде окуу башталарын маалымдады.

Тажикстанда мектеп окуучулары жазгы каникулга 21-мартта таратылган. Он күн аралыгында мектептер эки сапар дезинфекцияланган.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандагы 3800дөн ашуун мамлекеттик жана жеке окуу жайларында 2 миллиондой бала окуйт.

Тажикстан жана Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус илдети каттала элек.

Сүрөт: RadioL Ozodi

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты