​Жанар Акаев: “Көз карандысыз ЖМКга аккредитация берилүүгө тийиш”

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Жанар Акаев өлкөдөгү рейтинги жогору, эл ишенип окуган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да абалды чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүп, уруксат кагазы берилүүгө тийиш экенин билдирди.

“Азыркы учурда сиздер мамлекеттик ЖМКларга гана уруксат бердиңиздер. Бирок көпчүлүк көз карандысыз ЖМКлардан маалымат алат жана аларга ишенет. Ошондуктан мындай чектөө киргизилгени туура эмес. Эгер журналисттерге уруксат бербесенер, коомчулук фейк маалыматтарга ишенип отуруп калат”,-деди депутат. .

Буга чейин Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбей турганын билдирген.

Институт медиа полиси» коомдук фонду Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин борбор шаардагы өзгөчө абал учурунда ЖМКга аккредитация берилбей тургандыгы тууралуу билдирүүсү майзамга каршы келээрин айтып чыккан. Аталган коомдук фонддун билдирүүсүн бир катар медиа уюмдар колдогон.

Акыйкатчы өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбегени туура болгонун билдирди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 111 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты