​Депутат Төрөбаев: “Өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү керек”

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-апрелдеги, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар короновирус пандемиясына байланышкан кырдаал боюнча бир нече сунуш берди.

Депутат Бакыт Төрөбаев күндөн-күнгө абал оорлошуп бара жатканын белгилеп, жалпы республика боюнча өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады.

“Бул эпидемия боюнча январь айында эскертилген эле, азыр жыйынтыгында вице-премьер-министр, саламаттык сактоо министри кызматтан бошотулду деп айтылып жатат. Эгер биз ушул бойдон тим койсок абал дагы оорлойт. Ошондуктан өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланашы кажет” деди депутат.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралышынан жана Кыргызстанда чыкканынан улам, 22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 111 болду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты