Коронавирустун дагы 4 жаңы учуру катталды. Бардыгы 111 болду (Инфографика)
- 4 года мурун
- Мультимедиа
1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 111 болду.
Катталгандар:
Жалал-Абад шаары – 1;
Сузак району – 1;
Кара-Көл шаары – 1;
Чүй облусу – 1.
Бардыгы болуп республика боюнча 111 учур тастыкталды. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын — 59у аял, 52и эркек.
-Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бирөө сырттан келген (Россиядан кайткан), үчөө – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан,- деп билдирди саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында. .
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!