​Депутат Сулайманов: “Өзгөчө абал мөөнөтүн узартууга болбойт”

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында «Бир бол» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абал режимин белгиленген мөөнөттөн узартууга болбой турганын айтты.

-Коменданттык саатты өзүбүз киргиздик, биз талап кылып жатабыз. Катуу каралсын деп ошондой талапты койгонбуз. Бул талапты аткарышыбыз керек. Коменданттык саатты милиция туура аткарып жатат.

Бирок көпкө узартканга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. 15-апрелден ары созулган болсо, эл, мамлекет кыйналат.

Дүйнөдө смартфон карантин дегенди колдонуп жатышат, Түштүк Корея, Сингапур, Чехияда. Сиздер ошого кетиңиздер.

15 күн ичинде ар бир жаранды тактап, ошолордун өздөрүн карантинге алгыла. Эл жана мамлекет кыйналат. Айлап созулганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Өкмөт элди бага албайт, эл өзүн өзү багат. Алардын жумушун алып койдук. Бүгүн ачка калышат, эртең эмне кылышат?” деди Сулайманов.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ошондой эле Президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлган.

Борбордо жана аталган аймактарда 25-март, саат 08.00дөн баштап 15-апрель, саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты