​Акыйкатчы: “Комендант журналисттерди аккредитациялоо боюнча өзгөчө тартип орното алат”

  • 4 года мурун

Акыйкатчы өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбегени боюнча түшүндүрмө берди.

“Конституциянын “Өзгөчө абал” тууралуу мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктунда жазылгандай “аймактын коменданты өзгөчө абал киргизилген жерге журналисттердин аккредитациялоо жана алардын иштөөсү боюнча өзгөчө тартип орното алат. Бул тартип коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Башмыйзам чегинде кызмат кылат ” деп белгилеген Акыйкатчы институту.

Буга чейин Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбей турганын билдирген.

“Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация бере албайбыз” деген Орозалиев.

“Институт медиа полиси» коомдук фонду Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин борбор шаардагы өзгөчө абал учурунда ЖМКга аккредитация берилбей тургандыгы тууралуу билдирүүсү майзамга каршы келээрин айтып чыккан. Аталган коомдук фонддун билдирүүсүн бир катар медиа уюмдар колдогон.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты