​Коопсуздук кеңеши өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушун киргизди

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирустун жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын, саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдар жетишсиз үчүн саламаттыкты сактоо министрлигин ишин сынга алды.

Ошондой эле медицна кызсаткепрлеринин жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоо боюнча начар иштер сынга алынды.

«Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу» деп белгиледи мамлекет башчы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.

Президент Сооронбай Жээнбеков комендатураларга жарандардын нааразычылыгы болуп жатканын баса белгиледи. Анын ичинде пропуск берүү, блок-постторду атайын жабдыктар менен жабдуу, блок-посттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселелери бар.

Өткөрмө пункттарындагы карантин-санитардык постторунун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурду.

Коопсуздук кеңеши тарабынан премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушу киргизилди.

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:

Кыргызстанда буга чейин 94 учур катталган. Бардыгы 107 болду,

Расмий сүрөт. Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 31-март.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты