Covid-19: Бейтаптын бири жасалма дем алдырууга өттү

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

  • Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.
  • Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.
  • Акыркы эки күндө 23 (10+13) учур аныкталды, алардын ичинен 4 сырттан келгендер. Калган 19у чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда жергиликтүү (ички) жуктуруу.
  • Инфекция жуктурган 19 ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жугузган.
  • Обсервацияга 1592 киши жайгаштырылды.
  • Жалпысынан башынан тартып 5638 киши жайгаштырылган, үйдөн байкоого 3870 киши чыгарылды.
  • COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 771 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал);
  • анын ичинде:
  • I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1561
  • II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4210.

31-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы 13 учуру катталып, дартка чалдыккандардын жалпы саны 107 ге жетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты