Талас облусунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

  • 4 года мурун

30-марттан тартып Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбай турган болду.

Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, Талас районунун Талды-Булак айылынаны пост жабылды.

Облуска сырттан Талас облусунда жашаган жарандар гана текшерүү иш чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилет.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай чечим коронавирустун алдын алуу жана элдин суроо-талабын аткаруу, ошондой эле телеграм каналынан атайын топ түзүп Бишке кшаарына каттап жаткан айдоочулардын иш- аракеттерине бөгөт коюу максатында кабыл алынганын айтты.

Облус башчысы бул чектөөлөр, азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандарга жайылтылбай турганын белгиледи.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Талас облусунда коронавирус катталган учуру жок. 30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алардын баары — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 94 болду.

Сүрөттө: Талас облусунун райондорунда дезинфекциялоо учуру. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты