​Кыргызстанда үйлөнүү үлпөтү онлайн түрүндө өттү (Видео)

Карантин учурунда үйлөнүү үлпөтүн кантип өткөрүш керек? Кыргызстанда эки жаш үйлөнүү той өткөрүүнүн онлайн ыкмасын тандап алышты.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү штабынан билдирип, анын видеоун сунуштады.

«Бул Кыргызстанда карантин учурунда онлайн-түрүндө өткөрүлгөн биринчи үйлөнүү үлпөтү болуп калды.

Мындай тойлордун мисалы Казакстан, Россия, Сингапурда бар экендиги айтылып келет» деп белгиленди.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алардын баары — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 94 болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты