Ошто коронавирус аныкталган жарандардын тизмеси WhatsApp топтордо жүрөт. Сыр маалыматтар ачыкка чыгып кеттиби?

«27-мартка карата Ош шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын тизмеси» деген сүрөт WhatsApp группаларда колдон-колго өтүп жүрөт. Анда 8 адамдын тизмеси, аты-жөнү, туулган күнү, жашаган дареги тууралуу маалыматтар камтылган. Мыйзам боюнча ал маалыматтар сыр бойдон сакталышы керек болчу.

Covid-19 Республикалык штабдын 27-мартка карата берген маалыматында Ош облусу боюнча жаңы жуктургандардын саны 7 деп көрсөтүлгөн болчу.

Өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов бул маалымат азыр штабда такталып жаткандыгын айтты. «Азырынча ал маалымат фейк, же кайсы бир кызматкер чыгарып жибериптир деп айтууга эрте. Биз бул маалыматты тактап жатабыз», — деди Эсенгулов.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо» жөнүндөгү мыйзамдын 160 беренесинде «Врачтык сыр» боюнча так жазылган:

91-статья. Врачтык жашыруун сыр
   
   Жарандын Медициналык жардам сурап кайрылганы, ден соолугунун абалы,
анын  оорусунун диагнозу жана ал жонундо маалымат, медициналык  жактан
кароодо жана дарылоодо алынган дагы башка маалыматтар врачтык жашыруун
сырды тузот. Жаранга озу берген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик
тастыкталышы зарыл.
   Ушул  статьянын  учунчу  жана тортунчу болукторундо  белгиленгенден
тышкаркы  учурларда окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин
аткаруу  учурунда  белгилуу  болгон  врачтык  жашыруун  сырды   тузгон
маалыматтарды жарыя кылууга жол берилбейт.
   Жарандын  же  анын  мыйзамдуу  окулунун  макулдугу  менен   врачтык
жашыруун  сырды  тузгон  маалыматтарды башка жарандарга,  анын  ичинде
кызмат  адамдарына  пациентги кароо жана дарылоо  кызыкчылыгы,  илимий
изилдоо  жургузуу,  илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды  окуу
процессинде,  дагы башка максаттарда пайдалануу учун  берууго  уруксат
кылынат.
   Жарандын  же анын мыйзамдуу окулунун макулдугусуз врачтык  жашыруун
сырды   тузгон  маалыматтарды  берууго  томондогудой  учурда   уруксат
кылынат:
   -  ден  соолугунун  абалынан  улам оз эркин  билдирууго  кудуретсиз
жаранды текшерип кароо жана дарылоо максатында;
   -   жутуштуу  оорулар  таркалуу,  массалык  уулануу  жана  жабыркоо
коркунучу туулса;
   -  тергоо  жургузууго  же  сот териштируусуно  байланыштуу  алгачкы
иликтоо  жана  тергоо органдарынын, прокурордун жана  соттун  суроо  -
талабы боюнча;
   -  эта  -  энесине же мыйзамдуу окулдоруно билдируу учун  16  жашка
чейинки жашы жете элекке жардам берилген учурда;
   -  жарандын  ден  соолугуна укукка жат иш - аракеттин  натыйжасында
зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо.

Эгерде бул берене бузулган болсо КРнын Жазык кодексинин 160-беренеси боюнча жаза каралган:

160-берене. Врачтык сырды ачыкка чыгарууЭтиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, кесиптик же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу билип калган адамдын врачтык сырды ачыкка чыгаруусу, -IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жана I категориядагы айып салууга жазаланат.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты