Коронавирустун дагы 10 учуру катталды. Бардыгы 94 болду

  • 4 года мурун

30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алардын баары — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Өлкө боюнча бардыгы 94 болду.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабынан билдиришти.

Буга чейин коронавирустун 84 учуру катталган.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты