«Институт медиа полиси»: “Бишкек комендантынын ЖМКга аккредитация берүүдөн баш тартуусу мыйзамга каршы келет”

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, өзгөчө абал учурундагы тартип жана журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация берилбей турганын билдирди.

Институт медиа полиси» коомдук фонду Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин борбор шаардагы өзгөчө абал учурунда ЖМКга аккредитация берилбей тургандыгы тууралуу билдирүүсү майзамга каршы келе турганын билдирди.

Коменданттын кайрылуусунда эмнелер камтылган?

Бишкек шаарынын коменданты өзгөчө абал тууралуу мыйзамды мындайча түшүндүрдү:

-Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамында, Өзгөчө абал – калктын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндиктерине айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттенмелерди жүктөөчү убактылуу чара экендиги так көрсөтүлгөн.

Күнүмдүк иш тартиби өзгөртүлүп, бул ЖМКлардын ишмердүүлүгүн да кыйгап өткөн жок.

Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да, бирдей. Алардын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана ыӊгайлуулугу үчүн күн сайын онлайн режимде республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Бардык кызыктырган суроолорду WhatsApp номерине жиберсеӊиздер болот, биз журналисттердин жана коомчулук тарабынан берилген эӊ орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз.

Аккредитаця эмне үчүн берилбейт?

-Буга чейин өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация бере албайбыз.

Ошондуктан сиздерден өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну көптөн-көп суранып кетер элем.

Башка өлкөлөрдүн үлгүсү көрсөткөндөй, ал жактарда дагы журналисттердин ишине болгон талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген.

Бүгүнкүдөй жаӊы технологиялардын доорунда дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар аралыктан иштеп жатат. Азыркы учурда интернет жана байланыштын башка каналдары аркылуу суроолорго ар кыл өӊүттөгү жоопторду алууга болот.

Коронавирус инфекциясы – жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы, жаӊы чакырык. Аны менен күрөшүүдө биз бир муштумга биригип, саясий жана башка көз караштарыбызды четке жыйыштыра туруп, бул чакырыкка каршы биригишибиз керек.

Мындан улам журналисттерге республикалык штаб, комендатуралар жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген так, даана маалыматтарды гана тараткыла деп кайрылат элем.

Ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн башкы шарттарынын бири мыйзам тарабынан аныкталган бекем тартипти жана эрежелерди сактоо болуп саналат. Сиздерди туура түшүнөт деп ишенем жана маалыматтык колдооӊуздарга ыраазычылык билдирем, -деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев кайрылууда.

«Институт медиа полиси» коомдук фонду: «Бишкек шаарынын комендантынын өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берүүдөн баш тартышы мыйзамга каршы келет»

Өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына аккредитациянын берилбей турганы боюнча Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин билдирүүсү мыйзамга каршы келерин «Институт медиа полиси» коомдук фонду баса белгилеп, комментарий берди:

-Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбей турганы тууралуу билдирүүсү КР Конституциясынын жана “Өзгөчө абал тууралуу” Конституциялык мыйзамына каршы келет.

1. КР Конституциясы мамлекеттин баш мыйзамы катары адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр Конституцияда көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Ошону менен катар, КР Конституциясында көрсөтүлгөндөй, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамда, “Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамда, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын маалыматка жетүү укуктары чектелбейт (20-берене).

Демек, Конституция тарабынан кепилдик берилген “өз пикирин эркин билдирүү, сөз эркиндигижана басма сөз эркиндиги” (31-берене) белгилүү максатта, конкреттүү мыйзамда көрсөтүлүп, киргизилген чектөөлөргө өлчөмдөш болушу керек, бул Бишкек шаарынын коменданты жеке өзү кабыл алган чечим болбош керек.

2. “Өзгөчө абал” тууралуу КР Конституциялык мыйзамы” өзгөчө абал учурунда Кыргыз Республикасы мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана убактылуулук” принциптери менен иштейт. 96-берене).

КР Президентинин “ 24-марттагы “Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абалды киргизүү” тууралуу жарлыгында Бишкек шаарынын комендантынын полномочиеси келтирилген. Анда Бишкек шаарынын комендантына мыйзамга каршы келбеген учурларда ЖМК ишине тоскоолдук келтирүү деген жери жок.

Тескерисинче, кризис учурунда мыйзамдуулукка, ачык-айкындуулукка басым жасалып, мамлекеттик органдар менен ЖМК өз ара аракеттешип иштеши керектиги тууралуу белгиленген. Мыйзам жергиликтүү комендант “өзгөчө абал киргизилген аймакта журналисттердин өзгөчө тартибин жана алардын иштөө тартибин киргизет”деп жазылат (17-берене, 9-пункт).

3. “Өзгөчө абал” тууралуу Конституциялык мыйзамдын 17-берененин 9-пунктунда, жергиликтүү комендант ушул мыйзамдын 22- беренесине ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймакта жарандардын коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн камсыздоого жооп берет. Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта журналисттерге аккредитация берүү жана алардын иштөө тартибин бекитет.

Бул формулировканы коменданттын укугу гана эмес, журналисттерге аккредитациялоо тартибин берүү милдети катары кароо керектигине көңүл буруу керек. Себеби “Өзгөчө абал тууралуу” Конституциялык мыйзамында журналисттерге аккредитация берүүдөн баш тартуу деген каралган эмес.

Ошондон улам, Бишкек шаарынын комендантынын өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берүүдөн баш тартышы мыйзам ченемдерине жатпайт, — деп комментарийледи «Медиа полиси институту» коомдук фонду Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин ЖМКга кайрылуусун.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөттө: Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты