​Өткөрүүгө уруксатты эми электрондук түрдө алууга болот

  • 4 года мурун

Бишкек шаарында өзгөчө абал маалында өткөрмө берүү боюнча электрондук система ишке киргизилип жатат.

Документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги төрт райондук башкармалыкта ишке ашырылат. Атап айтсак, Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунда, — деп билдирди Бишкек коменданты Алмазбек Орозалиев.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум ишке киргизилип жатат, эми үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмөлөрдү алууга болот.

Ошондой эле маалымат алуу үчүн 1312 ыкчам байланыш телефон номуру иштеп жатат.

Буга чейин Бишкекте өзгөчө бал учурунда өткөрүүгө уруксат алуу үчүн узун кезек болуп жатканы сындалып келген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты