​Кытай бийлиги коронавирустун жайылышын токтотту

  • 4 года мурун

Кытайда коронавирустун жайылуусун токтотууга мүмкүн болду.

Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитетинин атайын өкүлү Ми Фэн билдиргенин РИА Новости жазды.

“28-мартка карата коронавирустун тастыкталган учуру үч миүден азыраак” деп билдирди Ми Фэн брифингде.

Covid-19 чыккандан бери акыркы маалыматтарда вирусту жугузуу учуру 82 миң, ал эми 75 576 киши айыкты, 3300 киши каза тапты.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Ухан шаарында белгисиз пневмония дарты чыкканы тууралуу билдирген. Адистер анда дартты козгогон жаңы коронавирус экенин аныктаган. Ага кийинчерээк Сovid-19 деген ат берилген.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Дүйнөдө 29-мартта (саат 10:45 жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 664 695 учур катталды. Каза тапкандардын саны 30 847 ге жетти. Айыккандардын саны 140 156 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты