Түштүк аймакка дарыгерлер жөнөтүлүп жатат

  • 4 года мурун

Түштүк аймакка дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат. 14-15 дарыгер, реаниматолог, пульмонолог жана эпидемиологдор.

“Бизде коронавирус менен күрөшкөн медицина адистери жетиштүү. Андан сырткары, биз профилактика жүргүзүү максатында башка профилдеги адистерибизди кошумча окутуп жатабыз. Мындай окутуулар эл аралык тажрыйбада дагы колдонулат” деди саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов.

Өлкөдө 42 – пульмонолог, 267 – эпидемиолог, 644 – реаниматолог бар экендигин кошумчалады ал.

29-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бардыгы 84 болду.

Анын ичинен Жалал-Абадда -39, Ош облусунда -33 учур катталды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты