​Дүйнөдө коронавируска чалдыккан 664 695 учур катталды

  • 4 года мурун

Дүйнөдө 29-мартта (саат 10:45 жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 664 695 учур катталды. Каза тапкандардын саны 30 847 ге жетти. Айыккандардын саны 140 156 болду.

Коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунда келе жатат.

29-артта АКШда бул дартка 124 464 киши чалдыкты.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 30 847 ге жетти.

Каза тапкандардын саны боюнча Италия алдыга чыкты, каза тапкандар 10 023 киши болду. Андан кийин Испания — 5982, Кытайда- 3182.

Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-75 576 учур, андан кийин Италия-12 384, Испания -12 285, Иранда — 11 679.

Ооругандардын санынын көбү боюнча АКШ алдыга чыкты -124 464, Италия -92 472 , Кытай- 82 057, Испания –73 235 , Германия – 57 695, Франция — 38 105, Иран- 35 408, Улуу Британияда — 17 312 учур ж.б. катталган.

Ошондой эле Россияда – 1264, Казакстанда –228, Өзбекстанда – 104, Кыргызстанда – 58 учур аныкталды.

Коронавирус дүйнөнүн 177 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты