Кризиске каршы план талкууланды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизчү кесепеттерин азайтуу боюнча өкмөттүн антикризистик планы талкууланды.

Антикризистик чаралардын комплекстүү планын тездетип кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчы түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, макроэкономикалык кырдаалды жолго коюуга жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка эң зарыл болгон азык-түлүктөрдү жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Калктын социалдык аялуу катмарына даректүү жардам көрсөтүүгө олуттуу көңүл буруу керек.

Президент ошондой эле медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүүнүн, аларды бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоонун маанисин баса белгиледи.

Жээнбеков республикалык ыкчам штаб бардык түзүмдөрдү координациялоону күчөтүшү керектигин, жарандардын, медицина кызматкерлеринин жана жер-жерлерде комендатура менен кызматташууга тартылган башка адамдардын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүсү зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу чараларын, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча иштер тууралуу, башка антикризистик чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча материалдык каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

28-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.

Сүрөт: prezident.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты