Өзгөчө абал: Өтүүгө уруксат кагаздар электрондук түрдө бериле баштайт

Өзгөчө абалда өтүүгө уруксат кагаздар- пропуск электрондук түрдө бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйынында билдирди.

“1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү өткөрмөлөрдү электрондук түрдө бере баштайбыз. Биз форсмажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан, бул жагдайды оңдойбуз” Бишкектин коменданты Орозалиев.

Буга чейин жарандар өтүүгө уруксат кагазды алуу үчүн көпкө кезекте тураарын айтып, сындап келишкен.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: фейсбук колдонуучудан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты