​Коменданттык саат: Бишкекте 119 жаран тартип бузду

  • 4 года мурун

-Өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды.

Алар — 15 аял, 104 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран,- деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Анын айтымында, коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкери ишке тартылды. Бир күн ичинде коменданттык саат учурунда мыйзам бузгандардын 67 учуруна протокол түзүлдү.

Жалпы шаар боюнча 28 кылмыш иши козголду анын ичинен 21 ачылды»,- Бишкектин коменданты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты