Нарын облусунда 13 санитардык-карантин посту уюштурулган

  • 4 года мурун

Нарын облусунда посттордон өткөн автоунаа дезинфекцияланып, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип, тек-жайы, телефон номуру катталып жатат.

Облуста жалпы 13 санитардык-карантиндик пост уюштурулуп, 72 мобилдик көзөмөл тобу иш алып барууда.

Посттордун коюлушунан улам облустун аймагындагы эл каттамы азайды.

Бул тууралу коронавирустун алдын алуу жана жайылуусуна каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты