​Коронавирустун жаңы учуру катталган жок

  • 4 года мурун

28-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.

Каза болгон аялдын өлүмү коронавируска байланыштуу эмес, андан коронавирус инфекциясы табылган эместигин билдирди өкүл.

27- мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бардыгы 58 болду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты