​Абылгазиев: “Даттануулар өтө көп”

  • 4 года мурун

Өкмөт башчы борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармек менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүүнү белгиледи.

«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгонго болбойт” деди өкмөт башчы.

Премьер-министр медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Кайдыгер эмес жарандар жана медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп. Дагы бир ирет эскерте кетейин, медицина кызматкерлери посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Алар ошондой эле бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек.

Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын марштруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабагАнын көрүп турабыз” деп белгиледи премьер-министр өкмөттөгү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жана республикалык штаб өкүлдөрү, вице-премьерлер катышкан кеңешмеде.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

27- мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бардыгы 58 болду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты