​Коменданттык саат: Тартип бузган 157 жаран кармалды

  • 4 года мурун

27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин Бишкек шаарында тартип бузган 157 жаран кармалды.

Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран”,

Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйынында билдирди.

Бишкекке бардыгы болуп 120 пост коюлган. Анын ичинен 79 санитардык-карантиндик пост жана борбор шаардын периметри боюнча 41 пост. коюлган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

27- мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бардыгы 58 болду.

Сүрөт: Республикалык штабдан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты