Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам бошотулат

  • 4 года мурун

Ооганстандын президенти Ашраф Гани коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн түрмөлөрдөн 10 миңдей кишини бошотууну тапшырды.

Ооганстандын башкы прокурору Мохаммад Фарид Хамиди билдиргендей, абактардан аялдар, оор илдетке кабылгандар жана 55 жаштан жогорку адамдар бошотулат. Ошол эле маалда бул чечимдин мамлекетке жана эл аралык коопсуздукка каршы кылмыш жасагандар үчүн тиешеси болбойт.

Ооганстанда 27-мартка карата 90дон ашуун киши коронавирусту жугузуп алып, төрт киши көз жумду. Өлкөнүн пандемиядан жапа чегип жаткан Иран менен коңшу жайгашканын жана аймакта согуш жүрүп жатканын эске алганда ооруга чалдыккандардын саны мындан алда канча көп болушу ыктымал деген тынчсыздануу бар.

Президент Ашраф Ганинин жарлыгына ылайык, атайын түзүлгөн комитет түрмөдөн бошотула турган кишилердин тизмесин аныктайт. Ооганстандын пенитенциардык системасынын башчысы Ахмад Рашед Тотахайл жакынкы он күн аралыгында он миңге чукул адам эркиндикке чыгарын тастыктады.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Cүрөт: RFERL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты