Коменданттык саат: Ош облусунда 44 киши тартип бузду

  • 4 года мурун

Ош облусунда коменданттык саат убагында 26-марттын саат 20:00дөн 27-марттын саат 07:00гө чейинки убагында коменданттык эрежелерди 44 киши бузган.

Ош шаарынан – 22 киши; Кара-Суу районунан – 20; Ноокат районунан – 2 киши кармалды.

Жалпы Ош облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө.

Бул тууралуу Ош, Ноокат, Кара-Суу аймагы боюнча комендант Малик Нурдино билдирди

Комендант Ош облус тургундарына мындай деп кайрылды:

«Мен сиздерден комендант катары суранаарым, убактылуу кырдаалга олуттуу мамиледе карап, үйдөн чыкпай, жакындарга конокко барууну токтотуп турсак.

Бул иштерэлдин саламаттыгы үчүн жасалып жаткандыгын түшүнсөк.

Өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандар өткөрмө бар деп каалагандай басып жүрүүнү токтотушубуз керек.

Биз комендант катары мамлекеттик, муниципалдык жана күч органдарынын жумушка каттагандарын чектөөнү, 10 киши иштесе , анын төртөөнү кыскартууну сунуштап жатабыз” деди ал.

Коронаирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты