​Коменданттык саат: Бишкекте абага ок чыгарылды

  • 4 года мурун

26-мартта саат 20:00дөн 27-марттын саат 7:00гө чейин борбор калаада тартип бузган 146 жаран кармалды.

Алардын ичинен — 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран” деп билдирди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйынында.

Коменданттык саат учурунда 26-мартта 20:30да Толстой-.Алыкулов көчөсүндөгү блок постто “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей качып кекен, ал Дэн Сяопин-Лумумба көчөсүнөн токтотулган” деди комендант.

Анын айтымында, азиат түспөлүндөгү 25-30 жаштагы эки эркек жаран мас абалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүштү. Буга байланыштуу, милиционерлер табелдик курал колдонуп, абага бир нече жолу ок чыгарышкан. Тартип бузуучулар кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Коронаирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Республикалык штаб тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты