​Гуманитардык жардамга келген кийимдер сатылып жатабы? (Фактчекинг)

Фейсбук социалдык тармагындагы врачтардын тобунда дарыгерлер үчүн коргоочу кийим сатыла турганы тууралуу жарыя талкууга алынган.

Ал жерде атайын костюмду 13 доллардан сатып жатканы тууралуу маалыматты көрүүгө болот.

























Cүрөт социалдык тармактан алынды.

Фейсбук колдонуучулары “Гуманитардык жардамга келген костюмдарды сатып жатышкан жокпу?” деген шектенүүлөрүн жазышкан.




















Сүрөт социалдык тармактан алынды.










































Алып саткандар

Биз бул маалыматты текшерип көрдүк. Көрсөтүлгөн номерлер боюнча байланышканыбызда, өзүн Шухрат деп тааныштырган сатуучу буйрутма менен Түркиядан алдырып бере турганын айтты.

“Биз өзүбүз үчүн буйрутма бергенбиз. Эгерде кимге керек болсо, буйрутма кылып беребиз. Бир кутучасында 50 даана. Ар бир кийимдин баасы 1040 сом. Кайра жууп кийгенге болот. Бизге жакты. Бул комбинезондор профессионалдуу заводдордо тигилген. Ламинаддалган кездемеден жасалган. Алдында аба өткөрбөй турчу сыдырмасы бар. Жөнөкөй жарандар да кие алат”, — деп жооп берди.

Биз кийимдин сапатын жакшырак көрүү үчүн видеосун көрүүнү суранганыбызда төмөнкү тасманы жиберишти:

Видеодон сүрөттө көрсөтүлгөн кийимге окшош формаларды көрүүгө болот. Андагы жарандар түркчө сүйлөп жатат, демек, бул кийимдер Түркиядан алынары чындык.

Ошол эле учурда бул кийимдерди жасаган жана саткан компаниянын атын атоодон баш тартты.

Жергиликтүү тигүүчүлөр

“Гуманитардык кийимдер сатылып жатат окшойт” деген шектенүү WhatsApp социалдык тармагындагы жардам чогултуп жаткан топтун талкуусунда дагы айтылып жатат. Колдонуучулар учурда ал кийимдер жергиликтүү цехтерде тигилип аткандарын билдирген.





















Сүрөт социалдык тармактан алынды.

Расмий билдирүү

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова медицина кызматкерлеринин коргоочу кийимдерине атайын талаптар бар экендигин билдирди:

“Бизге ошондой коргоочу кийимдерди өзүнүн тигүү цехинде тигип берүүнү сунуштап кайрылган ишкерлер бар. Биз аларга кандай талаптарга жооп бериши керектиги боюнча маалыматтарды бердик”, — деди Акматова.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов дагы бул маалыматты четке какты. “Гуманитардык жардамга келип жаткан атайын кийимдер сатылып жатат деген маалыматтар чындыкка туура келбейт”, — деди Эсенгулов.

Ошол эле учурда республикалык штабда канча атайын кийим бар экени тууралуу так маалымат жок.

Ооруларды алдын алуу жана санэпидемиялык көзөмөл борборунун директору Рыспек Сыдыгалиев медиктер үчүн азырынча кийимдер жетиштүү экенин, дагы буйрутма менен алдырылып жатканын, жардам бере турган адамдардан дагы кабыл алына турганын айтты.

“Кыргызстан боюнча кайсыл жерде коронавирус оорусу чыккан болсо, чыкпаган жерлерде деле мамлекттик чек араларда посттордо, обсервацияларда медициналык кызматкерлер иштеп жатат. Алар өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынып берилген, коргоочу костюм, индивидуалдык коргоо каражаты деп коет, көз айнек, бет кап, андан тышкары, комбинезон жана халаттар, буттарына кийген бахила, баштарына кийген чепчик, ошондой эле колдоруна кийгенге кол каптар менен баардык тиешелүү кызматкерлер камсыздалган. Кошумча запастар дагы бар, алар дагы азайып жатат. Кайра ордун толтуруу үчүн, сатылып алынып жатат. Атайын уюмдар демөөрчү болуп, жардам берип сатып алып берип жатышат. Андан сырткары, Өзбекстандан дагы алып келип жатабыз. Азыр 5000 даана комбинезон Түштүккө ташталып, бир бөлүгү Бишкекке келе жатат. Атайын кийимдер жетпей калган учур али каттала элек”, — деди Сыдыгалиев.

Республикалык штаб мындай кийимдердин так санын билбегенин бул кийимдер бир эле жолу кийиле турганы менен түшундүрдү.

“Азыр так санын айтуу оор. Анткени кайра-кайра чыгым болуп жатат да, саат сайын. Дарыгер бир костюм менен оорулууга кирип чыккандан кийин же ооруга шектелгендердин жанына кирип чыкса бир кийилет кайра чечилет, анан башкасы кийилет”, —дейт Сыдыгалиев.

Гуманитардык жардам

Маалымат үчүн айта кетсек, мындай кийимдер Кыргызстандын бюджетинин эсебинен да алынган. Андан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан, ЮСАИДден, Россия Федерациясынан, Япониядан жардам катары дагы келип жатат. Дарыгерлерге коргоочу кийимдерди алып беребиз деген жарандарга ал формалардын атайын талаптары берилет, ошол талаптар менен жасалган формалар кабыл алына турганын билдирди Ооруларды алдын алуу жана санэпидемиялык көзөмөл борборунун директору.

Жыйынтык — гуманитардык жардамга келген коргоочу кийимдер сатылганы калп.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты