​Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

  • 4 года мурун

Кытайдын жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басарыВан Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.

Кытайдан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана беткапты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү штабы билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 44 болду.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты