Коронавирус тестинен жеке клиникалардан өтүүгө болбойт

  • 4 года мурун

Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбойт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, ыкчам байланыш линиясына кайрылуу керек” ал.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 44 болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты